Кадамжай районунда тамаай атыш боюнча мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымында, учурда Кадамжай районунун аймагында өтүп жаткан той-аштарда таамай атуу боюнча мелдештер көп уюштурула баштаган. Бул ирет оюнду Кадамжай районунун мергенчилер коому уюштурду. Мелдештин демөөрчүсү жергиликтүү тургундар Асановтордун үй-бүлөсү болду. Алар атасынын ашын өткөрүштү.
Ага район аймагынан курамын 3 мергенчиден түзгөн 19 команда, жалпы 57 мергенчи катышты.
Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Азизбек Сейдалиевдин командасы утса, 2-орунду Момуновдун командасы, 3-орунду Алы Абдилазизовдун командасы багындырды.
Жеңүүчүлөр 1 кой, 1 козу, 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты
Ал эми Буданбек Абдижалилов мыкты таамай атуучу болуп табылып, 1500 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.
.
Асановтордун атасы Курсан Асанов атагы чыккан мергенчи болгон.