Кечээ, 17-майда, Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында Чүй облусунун жарандык коргонуу күчтөрү башкаруу органдары менен бирге куткаруу-машыгууларын көрсөтүштү. Ага өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары К.Ахматов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын өкүлдөрү, облустук, райондук жетекчилер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, ички иштер, райондордогу өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.