Баткендин айрым райондорунда сел жүрдү

turmush
Скачать
Просмотров: 470
 
Опубликовано 18 Мая 2019, 10:58

Кечээ, 17-майда катуу жааган жаандан улам Баткен облусунун кээ бир райондорунда сел жүрдү.
Маалым болгондой, Лейлек районунун Лейлек айыл аймагынын Ак-Терек айыл өкмөтүндө кечки саат 17:00-18:00дөр чамасында катуу жаан жаап, сел жүргөн. Анын кесепетинен 15 чакырым ички жолдорду жана 10 чакырым ички арыктарды сел алып кеткен. Ошондой эле онго жакын турак жайларга зыян келтирген.

«Ош—Исфана авто жолунун үч жерин каттап, жол каттамы токтогон. Ошол эле күнү жол тейлөө ишканасынан бир техника жана айыл өкмөтү тарабынан бир техника алынып келип, аталган жол тазаланып, каттам ачылган. Бүгүн, 18-майда ички жолдор, ички арыктар жана турак жайларды тазалоо иштери жүрүп жатат», деди Лейлек айыл өкмөт башчысы Таалайбек Кадыров.
Баткен районунун Кара-Бак айылында да сел жүрүп, мал-жандыктарды агызган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жашоочулар бир бодо  малды селден сактап калышкан.