Баетовдо "Кыял" укуктук борборунда жумуш орундары чечилбей, майып балдар окутулбай жатат.

turmush
Скачать
Просмотров: 309
 
Опубликовано 18 Мая 2019, 00:44

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы "Кыял" мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу борборунда жумуш орундар түзүлбөй жаткандыгына ата-энелер нааразы болушууда. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 2019-жылдын 24-январь күнү айылдык кеңештин депутаты Нургүл Мамбетованын демилгеси "Кыял" мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу борбору ачылып, ишке берилген. Ишке берилген күндөн бери мектептин мугалимдери, бала бакчанын тарбиячылары убактылуу кезек менен балдарды окутуп келишкен. Бирок, атайын логопед мугалимдин жоктугу, күн сайын келип балдарды окутууга, тарбиялоого атайын тарбиячынын жумуш орду чечилип берилбей жаткандыгын ата-энелер билдирип өтүштү.
"Бул борбор ачылгандан бери майып балдарыбызды алып келип окутуп жатабыз. Абдан жакшы эле жыйынтык берүүдө. Балдарыбыз тамга таанып, санак санап калышты. Борбор ачылганда 1 тарбиячы, 1 кароолчу жана 1 айдоочулук үчүн жумуш оруну түзүлүп, аларга айлык-маяна берилет дешкен. Бирок, бүгүнкү учурга чейин 3 жумушчу орун түзүлбөй, балдарыбыз окутулбай калып жатат. Башында ар бир ата-эне 500 сомдон чыгарып берип 1 тарбиячыга 2500 сом айлык төлөп бергенбиз. Андан сырткары, бир жеке ишкер "Жигули" унаасын борборго балдарды ташып турганга деп алып берген болчу. Ошол унаанын күйүүчү майына деп 1 миң сомдон чогултуп бергенбиз. Ал унаа балдарыбызды борборго алып келип, кайра алып кетип жатат. Болгону, балдарыбызды тарбиялаганга күн сайын иштеп бергенге 1 тарбиячынын, 1 кароолчунун жана 1 айдоочулукка жумуш орунун түзүп берип, айлык-маяна төлөп берип турушса болмок. Бул боюнча райадминистрацияга, облусттук бийликке кайрылып жатканыбыз менен жыйынтык жок болууда. Эми тагдырдын жазмышы менен балдарыбыз майып болуп төрөлүп калды да. Бирок акыл-эстери таза. Алардын дагы окуганга укугу бар да. Бул боюнча дагы кимге кайрылабыз, бул маселени ким чечип берет?, билбейбиз" - дешти майып балдардын энелери.