Аксы районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде «Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм — мекенге кошкон үлүшүм» атууу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Мира Муктарова билдирди.
Анын маалыматы боюнча, аталган иш-чарада окууда, олимпиадаларда, коомдук иштерде, спорт тармагында ийгилик жараткан окуучулар сыйланды.
Ж.Бөкөнбаев мектебинде учурда 1 миң 225 окуучу билим алууда. Алардын арасынан 320 окуучу ардак грамоталар менен сыйланышты.