Жаш талант: Бакай-аталык чабандес Канат ат чабыштарга түшүп, жүгөндөрдү өрүп сатууда

turmush
Скачать
Просмотров: 109
 
Опубликовано 17 Мая 2019, 12:26

Бакай-Ата районунун Ак-Добо айылынын 15 жаштагы тургуну Самарбек уулу Канат ат чабышка түшүп, буйрутма менен жүгөн өрөт. Аймактык кабарчы жаш чабандестен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда 8-класстын окуучусу.
Галерея: Жаш талант: Бакай-аталык чабандес Канат ат чабыштарга түшүп, жүгөндөрдү өрүп сатууда

«Ат чабышка 10 жашымдан түштүм. Кичинекей кезимде аттарга кызыгып, сыналгыдан ат чабышты калтырбай көрчүмүн. Жаңыдан атка минип баштаганда, үйдөгүлө «жыгыласың, жаракат алып каласың» деп коркуп көп каршылык көрсөтүшкөн. Мен ага болбой эле ат менен жүрүп алгам. Азыр «абайла, бул жерден мындай кыл» деп кеңештерин беришет. Ат чабышта негизги стартта атты катуу чаап, алдыңкы топту бербей, алдыда жүрүш керек. Алдыңкы топтон калса аттын күчү жеңишке жетпей калат. Мен Гүлсары, Сүлүккара, Марта аттуу, Бишкектен Айданек аттуу күлүктөрдү чаптым. Эң эле эсте калган чабыш, быйыл 8-мартта тай чапканым болду. Экинчиде келе жатып атым буйтап кетип, стартка аз калганда жыгылып калдык. Ат менен кошо кулап, жаракат алып калдым», - деди ал.

Канат 1000 сомдук жүгөндөрдү өрө тургандыгын белгелиди.

«Ат менен жүрүп, жүгөн өргөндү дагы өздөштүрүп алдым. Жүгөн жалпы 16 жип менен өрүлөт Ал 700- сомдон 1000 сомго чейин саитылат. Бир жүргөндү өрүү үчүн 3-4 саат убакыт кетет. Классташтарым буйрутма берип тайларга жүгөн жасаттырышат», - деди ал.

Канат үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.