Чоң -Арыктын 10-20 жылдык бүтүрүүчүлөрү айылына кандай белек даярдашууда

turmush
Скачать
Просмотров: 339
 
Опубликовано 16 Мая 2019, 17:52

Чүй  облусунун   Москва  районундагы   Чоң -Арык  айылынын 10-20 жылдык бүтүрүүчүлөрү тарабынан   айылды  көрктөндүрүү, айылдын  спорт  комплексине   стандарттык  эмес  жабдууларды  орнотуу, ичине   ажаткана  куруу  жана  мечиттин    айланасын  зым  торлор  менен  тосуу  жумуштары  жүргүзүлүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Болжол  менен  эсептегенде 10 жылдык  бүтүрүүчүлөр  35 миң  сом,      20 жылдык  бүтүрүүчүлөр   40  миң  сом    өлчөмүндөгү  каражат  жумшашууда. Улуу  орозо  күнүндө   мечиттин  айланасын  тосконубузга  аксакалдар  ак  батасын  беришүүдө. Мындай  демилгени  соопчулук,   эр  жигиттин  өз  элине болгон  атуулдук  парзы  катары  түшүнөбүз.

Биздин  айылдык      жаштар  башкаларга  үлгү  боло  алат  десек  жаңылышпайбыз.  Дайыма  жергиликтүү кеңештин  депутаттары, айыл  аксакалдарынын жана  агай- эжелерибиздин  кеңештерин  эске  алуу   менен  өз  кичи  Ммекенибиздин  инфратүзүмүн  жакшыртууну  максат  коюп  келебиз. Албетте, мындай  саамалык   жаш  муундарга  сабак  болот. Өз  каражатыбыздан   акча топтоп,  бул  ишти  колго  алдык», - деди айыл жаштары.