Жалал-Абад шаарындагы №5 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын окуучулары Дүйнөлүк китеп окуу күнүнө карата ата-энелери менен бирге китеп окуу боюнча сынакка катышты. Бул тууралуу «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун түштүк аймагы боюнча координатору Самара Юлдашева билдирди.
Анын маалыматы боюнча, Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыгынын, АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен Жалал-Абад шаарынын №5 гимназия мектебинде 1-4-класстардын окуучулары менен ата-энелерден куралган командалар залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларына арналган китеп окуу боюнча сынак өткөрүштү.