Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Г.Капарова атындагы орто мектебинде «Кош, Алиппе!» аттуу майрамдык иш-чара өттү. Майрамды «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин ээси, 1-класстын класс жетекчиси Гүлмира Токтосунова ачып берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар коноктор менен амандашып, көркөм ырларды айтышты. Ошондой эле «Хандын кызы» жомогун аткарып, 36 тамганын ар бирине арналган ырларды айтып беришти. Андан сырткары, ыр-бийлер дагы орун алды.