Афганистандан алынган 35 миң сомдук койлор, 1,5 гектарды тамчылатуу сугаруу: Фермер Д.Кадыровдун миллиондук иши

turmush
Скачать
Просмотров: 6133
 
Опубликовано 13 Апреля 2019, 18:17

Лейлек районунун Исфана шаарынын тургуну Дилшод Кадыров 1,5 гектар жерин тамчылатып сугаруу жолу менен 3000 түп алма, шабдалы, гилас, алмурут, бадам көчөттөрүн өстүрүп жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын чарбасы менен таанышып кайтты.

Өзүнүн айтымында, бул иштерди баштаганына 5 жыл болду. Тамчылатып сугарууда сууну тоого жеткирүү үчүн Кадамжайдан атайын скважина казуучу адистерди алып келген. Алар 1 метр тереңдикти казуу үчүн 1600 сом акча акы алышкан. Багбан 60 метр тереңдикти каздыруу үчүн 96 миң сом акы төлөгөн.

«Бул бакты тамчылатып сугаруу жолун жасоого 180 миң сом акча сарптадым. Ал эми көчөттөрдү отургузууга 150 миң сом кетти. Былтыр бактардын биринчи мөмөсүнөн 50 миң сом киреше таптым. Быйыл кудай буйруса 100 миң сомдон ашык киреше табуу пландалып жатам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле мал чарба менен да иштейт. 20 жыл мурда түптөлгөн мал чарбада койлордун саны 250гө жетти.

«Атам мал чарбасын жакшы көргөн адам болгон. Мен дагы анын жолун жолдоп, мал чарба жана багбанчылыкты өздөштүрүп келем. Алгач мал чарбаны Тажикстанда 50 баш гиссар кой алып келип баштагам. 2016-жылы Афганистандан эт багытындагы 66 баш кой алдырдым. Быйыл да ошол эле породадан 90 кой, 20 кочкор алып келдим», - деди ал.

Койлорду Афганистандан алып келүүдө бир топ кыйынчылыктарды баштан кечирген. Лейлекке алып келгиче бардык чыгымдар кошулуп, ар бир койдун баасы 35 мин сомго турган. Бүгүнкү күндө бул койлор базарда 35 миң сомдон сатылат. Аларды алуучу кардарлардын саны да көп. Бирок фермер аларды сатпастан дагы да көбөйтүүнү пландап жатат.