Буга чейин Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмат Исмаиловду жер сатуу боюнча айыпташкан папандык тургундар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жолугуу талабы менен Ош шаарыдук мэриясынын алдында «КРнын соттору жер саткандарды коргобогула!», «Президент эл менен жолугушсун», ЖКнын депутаттары эл менен жолугушсун» деген талаптар менен кагаздарды көтөрүп Ош шаардык мэриясынын алдындагы борбордук аянтта турушат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-мартта Ош шаарына Айыл чарба жана өзгөчө кырдаалдар маселеси боюнча келген. Папандык тургундар премьер-министрге жолугууну каалашууда.