Футболчулар Роналдиньо, Рахим Стерлинг, UFC мушкерлеринен видео: «Салам Кыргызстан». Эсенжол атактууларга Кыргызстанды тааныштырды

turmush
Скачать
Просмотров: 687
 
Опубликовано 19 Марта 2019, 16:40

Бакай-Ата районунун Үрмарал айылында чоңойгон 25 жаштагы Эсенжол Осконов Дубайда эмгектенип, атактуу спортчулар менен таанышты. Аймактык кабарчы Эсенжол Таласка келген кезде таанышты.

Өзүнүн айтымында, 9-класска чейин Бакай-Ата районундагы В.Ленин орто мектебинде окуган. 2013-жылы Кыргыз курулуш жана архитектура колледжинин эконоимика жана бухгалтердик эсеп бөлүмүн аяктаган. Учурда Дубайдагы мейманканада иштеп жатат.

«2014-жылы туристтик фирма аркылуу биринчи Түркияга кеткем. Азыр ошондо эле турмуш окуу жайга тапшырган экем деп ойлоп коем. Ал жактан биринчи эле тейлөө жагына барып, мейманканада иштеп баштадым. Ал жакта иштеп жүргөндө тил үйрөнүп, 2 жыл ичинде туризм жагынан көзүм ачылды десем болот. 2016-жылы дагы эле туристтик фирма аркылуу Бириккен Эмираттарынын Дубай шаарына бардым. Бул жакта 300 киши катышкан сынактан 4 утуп, эл аралык компанияга жумушка бардык. Ал жакта көп кызыктуу күндөр болду. Бизде мисалга туристтер келсе табияттын өзүнө суктанышып, таң калып кетишет. Жасалма дээрлик эч нерсе жок эмеспи. Ал эми эмираттарда чөлдүн үстүнө эле туристтик борбор орнотулгандай. Ал жакта «эң-эң» менен гана таң калтыра алышат. Мисалы эң бийик имарат,эң кымбат автоунаалар, эң жогорку деңгээлдеги тейлөө дегендей. Анан дагы өзгөчөлүгү полициянын жумушчу унаасы дагы баасы кымбат спорттук автоунаалар. Чет өлкөнүн таасири көз карашыңды өзгөртүп коет экен. Бул жакта 80ден ашык улуттун өкүлдөрү менен иштедим. Менин жумушум мейманкана менен кардардын ортосундагы элчи деп койсо болот. 1 айлык маянам кардарлар берген акчаларды кошкондо (чаевые) менен 1000 долларга чейин болуп жатты.

Мейманканада иштеп жүрүп атактуу спортчулар менен жолугуштум. 2017-жылы мен иштеген мейманканага легендарлуу футболчу Роналдиньо келип калды. Мен тейлөө тармагында болдум. Аны менен жеке сүйлөшүп, анын күйөрманы экенимди, өзүбүздүн Кыргызстан жөнүндө айтып бергем. Анан сүйлөшүү учурунда андан «Кыргызстанга салам жолдоп койсоңуз» деп сурандым. Ал макул болуп, мен ошол учурда тасмага тартып алгам. Кийин Англиядагы «Манчестер Сити» футбол клубунун чабуулчусу Рахим Стерлинг жолугуп, Кыргызстанга салам жолдоду. UFC уюмунун мушкерлери Отман Азайтар жана Абу Азайтар дагы жолукканда Кыргызстанга салам жолдогон эле. Ал жактагы башка улуттагы адамдарга Кыргызстан жөнүндө жакшы маалыматтарды берип, кошо иштеген кесиптештериме презентация кылып, кыргыз тилинде бири нече сөздөрдү үйрөттүм», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле кыргыз кыздары башкалардан айырмаланып турарын билдирди.

«2017-жылы Дубайда Азамат Жаналиев жетектеген «Кыргыз изи» аттуу долбоор барып, стринг арт боюнча көргөзмө уюштурганбыз. Алыста жүрүп бир нерсени түшүндүм — кыргыздын кыздарына эч ким жетпейт. Кыргыз кыздары, тарбиясы, ыйманы, нукуралыгы менен айрымаланып турушат. Ал жакка деле бизде мекендештер окууга, иштегени барышат. Окуп жүрүп бул жакта үй-бүлөсүнө акча жөнөтүп, аракетчилдиги менен дагы айрымаланарын баса белгилеп кетким келет. Өзүм менен иштеген кесиптештеримди, Бириккен Араб Эмираттарындагы блоггерлерди Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына чакырып тосуп алдык. Ал жактан дагы биздин кереметтүү жерлерибизди көрүп таң калып кетишти.

Учурда активист катары долбоорлор менен иштеп келем. Келечекте ушул туризм тармагында тажрыйба топтоп, Таласта туризм жаатын өстүрүп иштесем деп ойлойм», - деди ал.
Эсенжол үй-бүлөдө 4 бир тууган. Учурда Таласка эс алууга келди.