Кеминдеги мектепте гимндин обонун жараткан композитор Н.Давлесовдун 90 жылдыгы белгиленди

turmush
Скачать
Просмотров: 248
 
Опубликовано 18 Марта 2019, 12:12

Кемин районунун Н.Давлесов атындагы №3 орто мектебинде 14-мартта композитор Насыр Давлесовдун 90 жылдыгына арналган «Өрнөктүү өмүр» аттуу мааракелик кече өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асылкүл Мурзалиева билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын жүрүшүндө улуттук маданият айдыңында алтын казыктай жанган жылдыз, улуу композитор, дирижер, Кемин районунун кулуну жөнүндө көркөм окуулар айтылып, өмүр таржымалы туурасындагы көркөм тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле окуучулардын аткаруучулук чеберчилиги менен даярдалган сахналаштырылган көрүнүштөр, Насыр Давлесовдун обонунан жаралган хор, ырлар аткарылды.