Г.Усенова «40 кыз» сынагындагы Ж.Калмуратовага насаатчы болду

turmush
Скачать
Просмотров: 282
 
Опубликовано 18 Марта 2019, 09:40

Жалпыга маалым болгондой лидер айымдарды коомчулукка таанытуу, улуттук салттык кийимдерди, өнөрлөрдү даңазалоо, маданият аркылуу карым-катнашты чыңдоо максатында өлкөбүздө «40 кыз» фестивалы өткөрүлгөн. Иш- чаранын жобосунун негизинде Москва районунан катышкан 18 жаштагы Жасмин Калмуратовага насаатчы Гүлкайыр Усенова болгон.

Ал 34 жашта, Беловодск айылынын тургуну. Мукан Рыскулбеков атындагы көркөм өнөр музыкалык мектебинин директору. Анын маданият тармагындагы ишмердүүлүгү, өзгөчө «Кырк кыз» сынагындагы насаатчылык накыл-кептери менен аймактык кабарчы таанышты.