Баткендеги чыр: Лейлектен, Сүлүктүдөн олимпиадага келген 100дөн ашык окуучу 3 күндөн бери мектепте жашап жатышат. Видео

turmush
Скачать
Просмотров: 1291
 
Опубликовано 15 Марта 2019, 18:40

Лейлек району жана Сүлүктү шаарынан Баткен шаарына предметтик олимпиадага келген 30дай мугалим менен 90го жакын окуучу 3 күндөн бери Баткендеги гимназия жатак мектебинде турушат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Лейлек районунун Жаны-Жер айыл өкмөтүндөгү Кыргызстандын 60 жылдыгы орто мектебинин тарых мугалими Табар Кочкорова билдирди.
Анын айтымында, алар олимпиададан кайтып кетип жатышканда Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарында кыргыз-тажик чыры чыккан.
«Биз 12-13-мартта облустук предметтик олимпиадага катышуу үчүн Баткен шаарына алып келгенбиз. Жалпы саныбыз 110дон ашуун. Ошонун 30 жакыны мугалимбиз, калганы окуучулар. Олиипиада 2 күн болду. Өкүнүчтүүсү олимпиада бүтүп, кайра кетели деп кетип жатканда Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик урушу чыгып, жол жабылып, кете албай кайра артка кайтып Баткен шаарындагы гимназия мектебине келдик. Бул жерде жатакана жана тамак-аш менен камсыздап жатышат. Мектептин администрациясына ыраазычылык билдиребиз», - деди ал.

Ал эми Баткен облустук гимназия мектебинин жатакана башчысы Арзыниса Элчиева
«Мага кечки саат 21:00 чамасында директор чалды. Ал Сүлүктү жана Леклектен келгендер чек арада уруш чыгып, кете албай калышыптыр. Бизде калышат, жатакананы даярдагыла» деп айтты. Мен үйү жакын, туугандары бар окуучуларды ошол жакка убактылуу туруп тургула деп жөнөтүп жай даярдадым», - деди ал.

Учурда кармалып турган окуучулар менен мугалимдеринен шаар аймагындагы мектеп мугалимдери кабар алып турушат. Ошондой эле алардын коопсуздугу да каралган.

Бүгүн, 15-мартта Ак-Сайга парламенттин бир катар депутаттары келип, чек ара кызматына, облус жетекчилигине аталган окуучулар менен мугалимдерди коштоочулар менен үйлөрүнө жеткирип келүүнү тапшырышты.