Баткендеги чыр: Жол биздин территорияда, жол курганга мүмкүнчүлүгүбүз бар, - Ж.Разаков

turmush
Скачать
Просмотров: 401
 
Опубликовано 15 Марта 2019, 17:30

Баткен районундагы жолдон чыккан чырды чечүүдө кыргыз тараптын кызыкчылыгы дагы, тажик тараптын дагы эске алынышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Баткен районунда чыр чыккан аймакта Тажикстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чек арадагы жашоочулар менен жолугуп жүргөн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Анын айтымында, бул чырга негизинен Аксай—Тамдык жолунун курулушу себеп болгону менен ондогон жылдар бою чечилбей келген чек ара маселелери бар.

«Баткен облусундагы Ак-Сай айылынын чек ара тилкесиндеги окуяга кечээ биринчи ирет, бүгүн экинчи ирет тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Тажик тараптан Тажик Республикасынын вице-премьер-министри Азим Ураимов келип катышып жатат. Ошол менен бирге ички иштер министри, чек ара кызматынын жетекчиси, бир топ жетекчилер келип сүйлөшүүлөр болуп жатат. Негизинен белгилей кете турган нерсе бүт тажик тараптан дагы, кыргыз тараптан дагы маселени чечиш керек деген жакшы ниеттер бар. Азыр эми биз биринчи ирет сүйлөшүп, шарттарыбыз сүйлөшүлдү. Булар дагы өздөрүнүн эли менен сүйлөшүп иштешет. Тажик тараптын айткан маалыматы боюнча буларда каза болгон кишилер дагы бар экен. Бул боюнча Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги тарабынан биз сунуш бердик, биргелешкен тергөө группаларын түзүп, ошол иштерди тергеп, анан жыйынтыгын жетекчиликке билдиришине тапшырма бердик. Алар жумушту чогуу башташты. Негизинен кыргыз тараптан дагы жана тажик тараптан дагы элдин арасында дагы терс, радикалдуу ойлор жок. Бирок маселелер боюнча толук каралып жатат. Буйруса бир жыйынтыкка келебиз деген ойлорубуз бар.

Шарттар боюнча азыр айтыш эрте, шарттар чечилиш керек. Чечилгенде кыргыз тараптын кызыкчылыгы дагы, тажик тараптын дагы эске алган чечимдер болушу керек. Бул маселе бүгүн эле пайда болуп калган эмес, мен билгенден 20-30 жылдан бери келет. Түбү, себеби ошондо. Негизги түрткү болгону Аксай—Тамдык жолун салуу болду, ошол жерден башталды. Андан тышкары сайдын шагыл алуу маселеси да көтөрүлгөн. Азыр маселени курчутпай, элди ынтымакка чакырып, маселени чечкенге аракет кылабыз. Мен ойлойм, бул жол биздин территорияда, негизинен жол курганга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Көк-Таш—Аксай, Аксай—Араван жолу салынганда мен өзүм губернатор (Баткенде) болуп иштегем. Атайын коомдук саясий кырдаал курчуганда, абал оорлошкондо биздин жарандар жүрүшү керек деген максат менен курганбыз. Кечээки күндөн тартып ошол жолду калыбына келтирүү иштери башталып, жүрүш башталды. Лейлектен келгендер Баткенге, Баткенден Лейлекке барам дегендер өтүп жатышат. Ал эми чоң унааларды өткөрүү үчүн азыр тиешелүү иштер жүрүп жатат. Өтө албай калгандар азыркы учурда жок», - деди Жеңиш Разаков.