Баткендеги чыр: Чатактын чыгышына себеп болгон Ак-Сай—Тамдык унаа жолу Кыргызстандын аймагында жайгашкан

turmush
Скачать
Просмотров: 1769
 
Опубликовано 15 Марта 2019, 16:18

Баткен районунда салынып жаткан Ак-Сай—Тамдык унаа жолунун аймагы Кыргызстанга таандык. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Баткен облустук Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз үлккө укуктук каттоо бөлүмүнүн башчычы Алишер Эргешов билдирди.

Анын айтымында, салынып жаткан жолу чек ара аймагынан 200-250 метрдей алыс жайгашкан. Эки тараптуу келишимде такталбаган аймакка курулуш куруу мүмкүн эмес. Бирок бул жол андай аймактардын катарына кирбейт. Тажик тарап жол Кыргызстандын аймагында курулуп жатат деген жүйөөнү кабыл албай жатат

«1958, 1961, 1989-жылдардагы баардык эле картографиялардагы материалдар боюнча карасак бул Кыргызстандын аймагы болуп эсептелет. Эч кандай талаш-тартыш аймактарга кирбейт. Биз сүйлөшүүлөрдө бул маселени дайыма коюп келе жатабыз. Бирок тажик тарап негедир кабыл албай келет. Бирок бул маселе да чечилет деп ойлойм. Себеби жакында эки тараптуу делимитация жана демаркация боюнча комиссиянын отуруму болот. Ошондо да бул маселе каралат деп ойлойм», - деди ал.