Баткендеги ок атышуу: Вице-премьер-министр чагымчыл күчтөр бар экенин айтып чыкты

turmush
Скачать
Просмотров: 7984
 
Опубликовано 14 Марта 2019, 18:16

Бүгүн, 14-мартта Баткен районунун Ак-Сай айылында абал менен таанышуу үчүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Ал өз сөзүндө тажик тараптын вице-премьери менен сүйлөшкөнүн белгиледи.

«Негизинен бизде ушундай окуялар тез-тез эле катталып турат. Чындыгында көпчүлүк маселелер жазгы мезгилде күчөйт. Көп маселе делимитация маселелеринен көз каранды. Тажик тарап менен көптөн бери делимитация маселеси боюнча учурашуулар болгон эмес. Апрель айына карата иштерди түзүп жатабыз.

Бул жерде эми жол салуу маселесинен чыр-чатак чыккан. Биз тийиштүү органдар менен иштейбиз. Тажик тараптан губернатор келген. Өзүм вице-премьери менен сүйлөштүм. Ал дагы келе жатат. Буйруса 2 мамлекеттин ортосунда комиссия түзүп, ар бир маселени талкуулап чыгабыз. Ошонун натыйжасында жыйынтык болот.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч органдары менен жыйын өткөрдүк. Албетте чагымчыл күчтөр бар. «Ошолорго алдырбагыла. Элдин тынчтыгын, кыргыз-тажик элдеринин ынтымагын бекемдегенге аракет жасагыла» деп жыйын өткөрдүк. Азыр эми жумуштарды жасайбыз», - деди ал.
Окуя тууралуу:
Бүгүн Баткен районунун Ак-Сай айылында кайрадан ок атылганы кабарланган.

Маалым болгондой, бүгүн Ак-Сай айылына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келген болчу. Ал күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп жаткан эле. Ошол учурда тажик тараптан ок атылып, кыргыз тараптагы милиция кызматкерине тийди. Аны тез жардам кызматы менен ооруканага алып кетишти. Жеңиш Разаков ызы-чуу боло түшкөн адамдарга жолугушууга барды.

Учурда абалды чек арачылар, укук коргоо органдары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү көзөмөлгө алууга аракет кылып жатышат.