Баткендеги ок атышуу: Ак-Сайга вице-премьер-министр барган учурда ок атылып, милиционер жаракат алды

turmush
Скачать
Просмотров: 21734
 
Опубликовано 14 Марта 2019, 17:32

Бүгүн, 14-мартта Баткен районунун Ак-Сай айылында кайрадан ок атылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Маалым болгондой, бүгүн Ак-Сай айылында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келген болчу. Ал күч түзүмдөрү жолугушуп жаткан эле. Ошол тажик тараптан ок атылып, кыргыз тараптан милиция кызматкерине тийди. Аны тез жардам менен ооруканага алып кетишти. Жеңиш Разаков ызы-чуу боло түшкөн адамдарга жолугушууга барды.

Учурда абалды чек арачылар, укук коргоо органдары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү көзөмөлгө алууга аракет кылып жатат.