Бакай-Атада 3 айылдын тургундары топтолуп, жоголгон кызматкер табылгыча алтын кендин жабылышын талап кылышты. Видео

turmush
Скачать
Просмотров: 1129
 
Опубликовано 14 Марта 2019, 16:24

Бүгүн, 14-мартта Бакай-Ата районунун Оро, 1-Май, Кыргызстан айылдарынын айрым тургундары чогулуп, Шыралжын кенинин ишин токтотууну талап кылышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Алар аталган кендин дайынсыз жоголгон 34 жаштагы жумушчусу Рамис Тотоновдун табылбай жатканы боюнча топтолушту.

Рамис Тотоновдун иниси Сагынбек уулу Адилеттин айтымында, агасын издөө иштери жакшы жүрбөй жатат.

«Шыралжын кенин жабуу талабы менен бүгүн дагы 3 айылдын эли нааразычылык билдирип чыгышты. Акем табылмайынча кенди жабуу талабы коюлду. Биздин оюбузча издөө иштери жакшы жүрбөй жатат. Жыйынга Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев, Шыралжын кенинен жетекчиси Виктор Межеловский катышты. Виктор Межеловский кенди жабуу мүмкүн эмес экенин билдирип, шарттарын айтып өттү. Жалпы 3 айылдан 400дөн ашык адам чогулду», - деди ал.