Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаардык Д.П.Зубков атындагы №1 орто мектеп-гимназиясы 1930-жылы түзүлгөн. Ал эми имараты 1971-жылы жаӊыланып курулган. Мектептин тарыхы, ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу анын директору Замира Сыйналапова айтып берди.
Анын айтымында, аталган билим берүү уясында 9 ийрим иш алып барат. «Биздин мектепке 1996-жылдын 23-майында Социалистик Эмгектин баатыры Дмитрий Петрович Зубковдун ысымы ыйгарылган. Ал Кыргыз машина текшерүү станциясында 30 жыл директор болуп эмгектенген.