Баткендин Көк-Таш айылында абал тынч. Жол тосулуп турат. Видео

turmush
Скачать
Просмотров: 4884
 
Опубликовано 14 Марта 2019, 11:25

Бүгүн, 14-мартта Баткен районунун Көк-Таш айылында абал жалпысынан тынч. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, эл топтолуп турат. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да жүрөт. Коомдук коопсуздук күчөтүлгөн тартипте сакталып жатат.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, азыр вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келет деп жатышат. Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тажик тараптын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кыргыз тарап Тажикстандын Ворух анклавынын жолун, тажик тарап Кыргызстандын Ош—Исфана жолун тосуп турганы айтылууда. Тажикстандыктар Ворухтун жолу ачылса, Ош—Исфана жолу ачыла тургандыгын айтышканы кеп болуп жатат. Жол жабык болгондуктан Лейлек тарап анклавда калды. Жол азырынча ачыла элек.