Баткенде тажик тарап менен ок атышууда жарадар болгон адамдын абал оор бойдон калууда. Видео

turmush
Скачать
Просмотров: 3230
 
Опубликовано 14 Марта 2019, 10:08

Кечээ, 13-мартта Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда ок атышуудан жаракат алган жергиликтүү тургундун операциядан кийинки абалы оор. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Баткен облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Рустам Хусеинов билдирди.

«Бизге (хирургия бөлүмүнө) октон жаракат алып, 1988-жылы туулган М.Ж. түшкөн. Операция болуп, жандандыруу бөлүмүнө которулду. Азыркы акыбалы оор, бирок туруктуу. Бардык дары-дармектер, медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Буйруса жакшы болуп кетет деп ойлойм», - деди ал.