Баткендин Көк-Таш айылында ок атышуулар болуп, кыргыз тараптагы адамга ок жаңылды. Видео

turmush
Скачать
Просмотров: 14043
 
Опубликовано 13 Марта 2019, 22:25

Бүгүн, 13-мартта саат 20:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында да кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда ок атышуулар орун алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, бүгүн, Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чырынан кийин Көк-Таш айылында да эл топтолгон. Тажик тарап да топтолуп, ок атышуулар болду. Анын кесепетинен кыргыз тараптагы бир адамга ок тийип, тез жардам алып кетти. Учурда милиция кызматкерлери, чек арачылар келип, абалды көзөмөлдөөгө аракет кылып жатат. Тажик тарап сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.