Баткендин Ак-Сай айылында кыргыз-тажик элинин ортосунда чатак чыкты. Адамдар топтолуп жатат (билдирүү)

turmush
Скачать
Просмотров: 8757
 
Опубликовано 13 Марта 2019, 21:05

Бүгүн, 13-мартта саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы чек арада кыргыз-тажик элинин ортосунда чатак чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ак-Сай—Тамдык көз карандысыз жолун куруу үчүн техникалар бара жатканда тажик тараптан адамдар келип, таш менен урушкан. Ошондой эле тажик тарап чек арачылардын дагы кызматтык унаасынын айнегин таш менен сындырып салышты. Жолго 2 техника барса, тажик тарап бирөөсүн иштетпей койгон.

Жергиликтүү бийлик менен чек арачылар ошол техниканы жеткирип, кайра кайтканда тажик тарап таш менен уруп, унаанын айнегин сындырган. Андан кийин эки тараптан эл топтолуп, бири-бирине таш ыргытышты. Чек арачылар абалды тынчтандыруу үчүн эскертүү катарында асманга ок да атты.

Чыр чыккан жерде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, укук коргоо органдары да жүрөт. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тажик тарап менен сүйлөшүүгө кетти.
Ак-Cай айылынын башчысы Эркин Жолчуев чырдын чыгышына
Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун курулушу себеп болгонун билдирди. Таш ыргытышуудан эч ким жабыр тарткан жок.
Ал эми Баткен чөлкөм чек ара башкармалыгынын башчысы Замир Мийзаев жана 2022-чек ара отрядынын командири Кыялбек Төлөнбаев баш болгон чек арачылар элди тынчтыкка чакырып, абалды көзөмөлдөп турушту.