Чиренип кыйналган 4 жаштагы Жасминдин оорусуна так диагноз коюлбай келет

turmush
Скачать
Просмотров: 946
 
Опубликовано 18 Февраля 2019, 12:09

Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын 4 жаштагы тургуну Жасмин Жекшенбекованын оорусуна Кыргызстандын дарыгерлери так диагноз кое албай келишет. Аймактык кабарчы кыздын атасы менен маектешти.

Жасмин отурбайт, баспайт, эч нерсени кармай албайт, чиренет, кыйналат. Ага Кыргызстандын дарыгерлери алгач гидроцефалия деген диагноз коюшкан. Бирок Жалал-Абаддын бир тургуну дал ушундай эле белгилер менен ооруган уулун Россиядан дарылатып, айыктырып келгендигин Жасминдин ата-энесине айткан. Кыздын ата-энеси Россиянын адистери менен байланышканда, алар болгон кагаздарды интернет аркылуу карап, кыздын оорусу ДЦП эместигин айтышкан. ДЦП болсо баланын башы чоңоймок, биз алгач кызды көрүшүбүз керек дешкен. Бирок дарылоонун 1 курсу 200 миң сомду түзөт экен.

Ата-эненин айтымында, баланын жакшы болуп кетүүсү үчүн 3 курс дарылануу керек. Ал эми кытай медицинасы менен дарыланууга андан дагы көп каражат талап кылынат экен. Учурда Жасмин 4 айда бир ооруканага жатып, дарыланат. Бирок жылыш жок.