Кечээ 13-февраль күнү Талас районунун Талды-Булак айылынан жоголгон кичинекей балдар бүгүн, 14-февралда табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ 2008-жылы жана 2011-жылы туулган эки бир тууган жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштеринин жүрүшүндө алар ошол эле айылдагы башка короодо тоют үчүн жыйылган чөптө жаткан жеринен табылышты.