Ак-Муз айылында 70 окуучу биргеликте «Манас» эпосунан үзүндү айтышты

turmush
Скачать
Просмотров: 1061
 
Опубликовано 11 Февраля 2019, 18:23

Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында «Манас таануу» боюнча семинар өттү. Анын алкагында 70 бала «Манас» эпосунан 7 мүнөт үзүндү айтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Боогачы атындагы орто мектебинин мугалими Байыш Абдыбеков билдирди.


Маалым болгондой, аталган мектептин 5-6-7-класстарынын окуучуларына 150 сомдон окшош калпак тигилген. Алар «Манас» эпосундагы «Манас менен Кыз Сайкалдын эр сайышынан» үзүндү айтышты.