Таласта 1,4 гектар жер талашка түшүүдө. Жергиликтүүлөр мурдагы айыл өкмөт башчысы менен соттошууда

turmush
Скачать
Просмотров: 326
 
Опубликовано 11 Февраля 2019, 17:05

Бүгүн, 11-февралда Талас-АКИпрессте маалымат жыйын өтүп, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундары мурдагы айыл өкмөт башчысы менен жер талашып соттошуп жаткандыктарын билдиришти.
Маалымат жыйынга Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын айыл башчысы Данияр Рахматов, айыл тургундары Сыйынды Кулов, Сыргак Кошоев жана Расул Сыдыковдор келишти.

«Биз 2017-жылдын январь айынан бери мурунку айыл өкмөтүбүз Абдыкадыр Токтогулов менен соттошуп келе жатабыз. Себеби 1995-жылы айылга жерлерди үлүшкө бөлүп жаткан кезде Кара-Ой айылынын ортосунан мектептин жанынан маданий жана спорт курулуштары үчүн деп 2 гектар жер таштаганбыз (үлүшкөн бөлбөй). Каражаттын тартыштыгынан улам мектеп бул жерди колдонуп келген. Ошол учурда айыл өкмөт пайдаланып, өзүнө үлүш жери катары чыгарып алган экен. Ал жөнүндө эл билип калып, айыл өкмөт тарабынан териштирүү чаралары көрүлгөн эле. Мамлекеттик каттоо кызматынан такташа келгенде учурда ал жерде 1 гектар 40 сотых жер бар. Ошол жер талаш болууда. Айыл өкмөттүн балансындагы жерди өзүмдүкө өткөрүп алган. Бүгүнкү күндө бул жер үчүн чуркап жатканыбыздын себеби Жерүйдөн акча бөлүнүп, ал жерге айыл үчүн маданий курулуштар жүрөт.

Биринчи бул иш 2017-жылы райондор аралык соттон каралып, Абдыкадыр Токтогулов уткан. Экинчи жолу Талас облустук сотунда каралып, биз уттук. Кайрадан Жогорку сотко даттануу жазылгандыктан 12-февраль күнү Жогорку сотто каралат экен. Бул жерди бир айылдын пайдасына калыс чечип берүүнү суранабыз», - деди алар.

Ал эми Токтогул Абдыкадыровдун айтымында,

«1995-жылы жер бөлүнгөн. 1997-жылы айыл өкмөт болуп иштедим дагы 1998-жылы эл катары үлүш жер алгам. Ал жерден 2 участок алдым. 1 гектар 40 сотых жер. Анын 1 гектары үлүш жер, 40 сотых жери чарбак үчүн участок. Мен жерди мыйзамдуу алгам. Менден мыйзамсыз талашып жатышат. Бүгүнкү күндө Жогорку сотто каралууда. Сотко башында мен бергем. Соттон мен дагы калыстыкты суранам. Бул нерсени уюшулган топ эмес сот чечет. Мен 2 жолу айыл өкмөт, 6 чакырылыштан депутаты, мектеп директору болуп көп жыл иштеген адаммын. Мен дагы укуктарымды жакшы билем», - деди ал.