Ф.Киркоров окуган мектептен билим алган Айзиректин апасы «Кыз-Буракка» бас-гитарачы болуп барган

turmush
Скачать
Просмотров: 4230
 
Опубликовано 8 Февраля 2019, 13:30

Москва шаарына 6 жашында ата-энеси менен көчүп кеткен Айзирек Акрамова Россиянын белгилүү эстрада жылдызы Филипп Киркоров окуган мектептен билим алган. Ал социалдык тармактарда өзүнүн ырчылык, бийчилик өнөрүн тартылоо менен элге белгилүү болууда. Аймактык кабарчы 1-классынан тарта Москвада окуп, учурда фармацевт тармагы боюнча билим алып жаткан мекендешибиз менен таанышты.


«Мен 1998-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Массы айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсүмүн. Бектур жана Элдос аттуу 2 агам бар. Алар үйлөнүп балалуу болуп калышкан. Атам Акбарали Акрамов, кесиби боюнча бухгалтер. Айылыбыздын активисти. Жакшылык-жамандыктар боюнча маселелер атамдын жардамы менен чечилет. Бизди өтө катуу кармап тарбиялаган. Ал эми апам Бүсайра Эшатова, жогорку категориядагы мугалим. Курманжан датка орденинин ээси. Апам дагы коомдук иштерге активдүү катышат. Апамдын Москва шаарында Базар-Коргон, Ноокен коомдорун түптөөдө салымы чоӊ. Кыргыздардын ар кандай иш-чараларына калбай катышып келет. Кезинде Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынын алдында уюшулган "Элегия", "Кызгалдак" кыздар-вокалдык эстрадалык ансамблине катышып, окууну аяктаган соӊ Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова «Кыз-Бурак» тобуна бас-гитара чертүүгө алып кетип, Ош мамлекеттик педагогикалык окуу жайына киргизген. Турмуш шартка байланыштуу ансамблге көп катышууга шарт болбой калган экен. Ошондой эле атамдын карындашы Канымгүл Акрамова эжем дагы "Кызгалдак", "Кыз- Бурак" тобунда ырдаган. Ырчылык өнөр канымда болсо керек деп ойлойм.

Кыргызстанга жайкы каникулда барып турам», - деди ал.