оокат районунун Гүлистан айыл аймагына караштуу Бостон айылынын 53 жаштагы тургуну Абдулваси Машрапов 40 жылдан бери ат таптап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Саяпкер асыл тукум аттарды багып, жогорку баага сатат. Бир ай мурун Император аттуу күлүктү өзбекстандык мырзага 28 миң долларга саткан. Император Россиядан алынып келинген. Анын бою 1 метр 70 см болсо, салмагы 800 килограммга жетет.