Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндөгү мектептин курулушу каржылоо жок токтоп турат

turmush
Скачать
Просмотров: 215
 
Опубликовано 17 Января 2019, 12:49

Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин курулушу каржылоонун жоктугунан улам убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу мектептин директору Рахманали Тешебаев билдирди.
Анын айтымында, мектептин курулушу 2017-жылдын октябрь айында башталган. Анын жалпы сметалык баасы 83,млн 85 миң сомду түзүп, тендерди 77 млн сомго курулуш ишканаларынын бири жеңген. Курулушу 2018-жылдын жай айларында каржылоо токтогондугуна байланыштуу токтогон. Учурда 20 млн сому мамлекет тарабынан каржыланып, курулуштун 30% аткарылган. Мектеп 275 орунга ылайыкташтырылган.
1964-жылы курулган мектеп эскилиги жетип, авариялык абалга келген. Окуучулар ошол мектепте билим алышууда. Жергиликтүү бийлик мектептин курулушунан кабар алып кайтышты.