Балдар акыны К.Жунушов «Кыргыз Республикасынын эл акыны» наамынын ээси болду

turmush
Скачать
Просмотров: 1178
 
Опубликовано 17 Января 2019, 12:06

Кочкор районунун тургуну, балдар акыны Каныбек Жунушов президенттин жарлыгы менен  «Кыргыз Республикасынын эл акыны» деген ардактуу наамдын ээси болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
 Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жаңырар алдында  Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн бир катар жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча жарлыкка кол койгон. 
  Каныбек Жунушев 1941-жылы 11-ноябрда Кочкор районундагы Кош-Дөбө айылында туулган. 1963-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун агрономия факультетин бүтүргөн. 1963-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы Данов атындагы колхозго башкы агроном болуп иштөө үчүн жиберилген. 1965-жылы «Киргизгипрозем» долбоорлоо институтунда кыртыш таануу инженери болуп иштеп, 1977-жылы Кыргыз кыртыш таануу ИИИсинде улук илимий кызматкер, 1984-жылы «Арашан» чыгармачылык үйүнүн директору, 1986-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун Нарын облусу боюнча кеңешчиси болуп иштеген.
   
  Ырлары 1960-жылдан баштап жарыялана баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Боёкчу» деген ат менен 1964-жылы басылып, 1974-жылы «Одноместный самолёт» деген поэтикалык жыйнагы орус тилинде жарык көргөн. Акындын айрым ырлары коңшу республикалардын тилдерине которулган.
   
К.Жунушев К.Чуковскийдин, Я.Акимдин, С.Михалковдун чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
 
1979-жылы СССР жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Балдар үчүн жазылган чыгармалары Тоголок Молдо атындагы сыйлыкка татыктуу болуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл агартуунун отличниги аталган. Өткөн жылы ал Токтогул атындагы сыйлыкты алуу бактысына эгедер болгон. Азыркы күндө акындын чыгармалары башталгыч класстардын окуу китептерине киргизилип, балдарга окутулуп келе жатат.
Сыйлыкты тапшыруу аземи жакын арада өтмөкчү.