Кадамжайдын Кайтпас айылында 2,9 млн сомго курулган кичи футбол аянтчасы ачылды

turmush
Скачать
Просмотров: 123
 
Опубликовано 17 Января 2019, 11:59

Бүгүн, 17-январда Кадамжай районунун Кайтпас айылында кичи футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы кабарлады.

Маалым болгондой, аянтча 2 млн 900 миң сомго курулган. Анын 1 млн 65 миң сому жергиликтүү бюджеттен, калган бөлүгү түрткү берүүчү беруучу гранттан каржыланган.

«Биз Өзбекстандын 4 айылы менен чектешкендиктен, эки улуттун жаштарын ынтымакка чакырган спорттук иш-чараларды шарт жоктугунан уюштура албай келгенбиз. Жаштар жумушсуздуктан башаламандык, бекерчиликтен терс көрүнүштөргө берилип кеткен учурлар болгон. Азыр футбол аянтчасы ачылып, бул көйгөйлөрдү алдын алууга жана эки улуттун жаштарын ынтымакка чакырууга шарт түзүлдү», - деди Кайтпас айылынын башчычы Абытжан Мурзакозуев.

Кайтпас айылы Өзбекстан Алты-Арык, Капут, Мазар-Буа, Калайноо айылдары менен чектешет.