Таласта митинг уюштурулган жок, абал тынч, - М.Мураталиев

turmush
Скачать
Просмотров: 512
 
Опубликовано 17 Января 2019, 11:26

Таласта акыбал тынч.
Бүгүн, 17-январда Талас шаарында эч кандай митинг уюштурулган жок жана коомдук абал тынч. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев билдирди.
«Бир нече күн мурун «таластыктар митингге чыгат» деп Таластын элинин атынан сүйлөгөндөр болгон. Биз көп жыйындарды өткөрдүк. 9 жылдан бери биринчи жолу Апрель баатырлары менен чогулуш жасадык. Апрель баатырларынын 70ке жакыны жыйынга келишти. Андан тышкары да жыйындарда мындай чакырыктарга карабастан элибиз «Талас тынчтыкты каалайт, Таласта өнүгүү болуп жатат» деп айтып жатышты. Массалык маалымат каражаттары дагы коомдун оюн угушканда тынчтыка чакырып жатышкан. Таласта иштеп жаткан кытай жарандары дээрлик жокко эсе. Бүгүнкү күндө Таласта жагдай тынч», - деди ал.