Сузакта милициянын ардагерлери РИИБдин жерлери муниципалдык менчикке өткөнүнө нааразы болуп чогулушту

turmush
Скачать
Просмотров: 149
 
Опубликовано 16 Января 2019, 16:00

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда милициянын ардагерлери РИИБдин гектарлаган жери муниципалдык менчикке өтүп кеткенине нааразы болуп чогулушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Милициянын ардагерлери РИИБдин мамлекеттик акт алган жери кайрадан кайтарылышы керек деп эсептешет.

Маалым болгондой, Сузак айыл өкмөтү айыл өкмөттүн 2009-жылдын №173 токтому менен 2,63 гектар жер Сузак РИИБге узак мөөнөткө пайдаланууга берилген. Ошол эле жылы Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан акт берилген. Андагы жердин 1,04 гектар жер аянты РИИБдин негизги корпусуна бөлүнүп берилсе, кийин айланасындагы 1,63 гектар жер узак мөөнөткө пайдаланып туруу үчүн берилген.

Милициянын ардагерлеринин айтууларында, мыйзамдаштырууга чейин эле жер пайдаланылып келген. Кезегинде Сузак РИИБде иштеген кызматкерлер таштандыга, ташка толгон жерди тазалашып, теректерди отургузушкан. 1996-жылы 1 гектар жерге 1000 түп терек, кийин жылдар кошулуп, жалпы 3 миң терек отургузулган