Бөрүлүү мезгил: Кадамжайдын Тамаша айылында 4 карышкыр атылып, 1 карышкыр тирүү кармалды

turmush
Скачать
Просмотров: 1951
 
Опубликовано 16 Января 2019, 11:54

Кадамжай районунун Тамаша айылында мал-жандыктарга кол салган 4 карышкыр атылып, 1 карышкыр тирүү кармалды.
Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Кадамжай району боюнча аңчы башчысы Алай Беделов билдирди.

Маалым болгондой, мындан мурда Көтөрмө айыл аймагына караштуу Кызыл-Булак, Тамаша айылдарынын эли карышкырлар айыл аралап келип, малга кол салып жаткандыгы боюнча арызданышкан. Анын негизинде 5 адамдан турган мергенчилер тобу түзүлүп, карышкырларды жок кылууга чыгышкан. Алгач мергенчилер аттар менен 2 карышкырды изин менен кубалап атып өлтүрсө, калган экөөнү жашынып жүргөн жеринен атышкан. Ал эми 1 карышкырды капканга түшүрүп тирүү кармашкан.