Муз кошулган чай, жалбыракчан папуалыктар... А.Токтосунованын ысык аралдан өткөргөн жаңы жылы

turmush
Скачать
Просмотров: 398
 
Опубликовано 15 Января 2019, 11:43

Бишкек шаарында төрөлгөн Асел Токтосунова учурда 5 жашар кызы менен Индонезиянын экзотикалык аралдардын бири болгон Балиде жашап жатат. Ал экзотикалык аралдагы жашоочулар жаӊы-жылды кандай тоскондугун айтып берди.

Папуа аралында дагы эле элдер банан жалбырагын жамынып жүрүшөт

- Бали Кыргызстандан тропикалык аба-ырайы менен айырмаланат эмеспи. Ошол себептен элдер аябай жеңил кийинишет. Балиде көпчүлүгү индуизм дининде, бирок башка Ява аралынан мусулмандар келип отурукташкан. Эсиӊерде болсо, Индонезия 117 миӊ аралдардан турган мамлекет. Менин Теймур аралынан жакшы досум бар, анын кебетеси кадимки абориген (Африкадагы жергиликтүү элдердин көрүнүшү). Папуа аралында дагы эле элдер банан жалбырагын жамынып жүрүшөт.

Кызым экөөбүз эл катары жаӊы жылды көл жээгинде тостук

- Майрамдардын көпчүлүгү океан жээгинде өтөт. Ресторан, бар, кафе баары океан тарапта курулган. Балиде парк жок, эс алуу дагы окен жээкте өтөт. Күн саат 18:40да батат. Ушу убакытка баары шашылышат, жолдо аябай чоӊ тыгындар пайда болот. Анткени океанга чөгүп, батып бара жаткан күндү көрүү башкача бир ырахат! Ошол себептен, биз кызым экөөбүз эл катары эле жаӊы жылды океан жээгинде тостук.

Күн ысык, бирок Аяз ата белек таратып жүрөт

- Албетте, Бали кичинекей арал болсо да бардык дүйнө жүзүндөгү майрамдар майрамдалат. Себеби, коӊшуларым ар кайсы мамлекеттен. Болжол менен 24-25 жаңы жыл тостук. Алардын көбүн мейманканада тостук. Аяз ата, Аяз кыз бардык балдарга бассейндин жанында белектерин таратып жүрдү. Башкача көрүнөт экен. Биз кышты, карды, ак сакалын жайкалтып, белегин артына арткан Аяз атаны көрүп чоӊойбодукпу. А, бул жакта кар жок, күн ысык.