5 жаштагы Тагай Райымкулов 50 жылдан бери меринос тукумундагы койлорду багып келет. Ал убагында койлордун санын 5 миң башка чейин жеткиргенин аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.
Тагай Райымкуловдун айтымында, бир койдун салмагы 100 килограммга чейин жетет жана козу мезгилинде эле 4 килограммдан ашуун жүн алууга болот.
«Союз учурунда өкмөттүн койлорун бакчумун. Алгач 100дөй коюм бар болчу. Бир убакта койлордун санын 5000 башка чейин жеткиргем. Азыркы күндө 1 миңден ашык коюм бар. Өмүр бою кой бактым. Азыр койлорду атайын жалданган койчулар багат», - деди ал.
Ал койлорду аргындаштыруу үчүн кочкорлорду Россия Федерациясынын карамагындагы Башкортостан Республикасынан алып келет. Бир кочкорду 50 миң сомдон сатып алышат.