Ноокатта унаа кырсыгынан 3 адам мерт кетти

turmush
Скачать
Просмотров: 5707
 
Опубликовано 7 Января 2019, 09:46

Ноокаттын Төөлөс өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылында унаа кырсыгынан 3 адам каза болду
Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Кечээ, 6-январь күнү, саат эрте мененки 7лер чамасында Ноокат районунун Өрнөк айылында жол кырсыгы катталган. Күйүүчү май ташуучу унаа менен « Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Бишкек шаарынан келе жаткан « Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа күйүүчү май ташуучу унааны уруп алган. Натыйжада Бишкек шаарынан келе жаткан жүргүнчүлөр каза болгону айтылууда.