Кытайда 10 жыл өнөрүн тартуулаган каскадер Ж.Акматова президенттин колунан наам алды

turmush
Скачать
Просмотров: 108
 
Опубликовано 19 Декабря 2018, 17:06

Чүй облусунун Аламүдүн районунун 46 жаштагы тургуну Жылдыз Акматова президент Сооронбай Жээнбековдун колунан сыйлык алды. Ал бала кезинде спорттун дзюдо, каратэ-до, кикбоксинг боюнча машыгып, 19 жашынан ат оюндарына катыша баштаган. Он жыл Кытай циркинде өнөрүн тартуулап келген каскадер айым өзүнүн спорттогу талантын өлкөбүздө да тартуулап келүүдө. Аймактык кабарчы андан кабар алды.


«Бул жыл мен үчүн абдан унутулгус жыл болду. Анткени Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти деген наамын КРдин президенти Сооронбай Жээнбековдун өз колунан алдым. Бул мен үчүн чоӊ сыймык болду. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакыруу келип, бирок үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу бара алган жокмун. Антседа, республикабызда өткөн бардык той-аштарда кыз куумайга, каскадерлук көргөзмөлөргө катыштым. Мен негизи спортко бала кезден эле кызыгып баштагам. Тээ окуучулук кездерде 7-8 жылдай дзюдо, каратэ-до, кикбоксинг боюнча машыгып, бир топ мелдештерге катышкам», - деди ал.