Медергүл достору менен бирге мектеп рекетчиликке каршы видео-ролик тартты

turmush
Скачать
Просмотров: 907
 
Опубликовано 14 Декабря 2018, 13:44

Медергүл Сүйүндүкова 2001-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында төрөлгөн. Ал учурда Акылбек Турсуналиев атындагы №2 Ивановка орто мектебинин 11-классында билим алат. Ал тилектештигин билдирген мектеп окуучулары менен бирге мектеп рекетчилигине каршы видео-ролик тартты.

«Көп эле мектептерде балдарды тарбиялоо максатында, атайын сабактар өтүлүп келет эмеспи. Бирок, ошого карабастан бардык эле балдар сабакта айтылгандарга көӊүл бура беришпейт. Ошол себептен, окуучуларды туура жолго багыттоо максатында, мектептеги актуалдуу көйгөйлөрдүн бирин видео-роликке чагылдыруу идеясы пайда болду. Ошентип мектептеги ар кыл класстагы тилектеш окуучулар менен биргеликте ушул видео-роликти тарттык. Биз муну менен эле чектелип калбайбыз. Видео-роликке байланыштуу дагы көптөгөн пландар бар жана аларды ишке ашырууга аракет кылабыз. 11-класс болгондугума байланыштуу бош убактымда ЖРТга даярдануу менен алекмин», - деди ал.