Баткен шаарында 4,5 миңден ашык адам турак жай куруу үчүн жер ала албай жатышат. Учурда жерлерди транцформациялоо аракети көрүлүп жатканын шаардын вице-мэри Мамасыдык Султанов билдирди.
Анын айтымында, Кызыл-Жол кварталынын, БАМ, Чет-Булак жана Түлкү-Таш участкаларынан элге турак жай үчүн жер берүү маселеси каралып жатат.
«Өкмөт жер бөлүп берсе, шаар тургундарына жер берип баштайбыз. Учурда жерлерди трансформалиялоо аракеттери көрүлүп жатат», - деди ал.
Жергиликтүү тургундардын жер боюнча көйгөйү 2012-жылдан бери чечилбей келет. Шаардык мэрия аракет көрүлүп жатканын айтса, жашоочулар жерге муктаж экенин айтып келишет.