64930 Оорудан каза болгон жоокерлер, суусуз калган күндөр, түндөгү кыйналуулар... Н.Бейшебеков Афганды күндөрдү унута элек

turmush
Скачать
Просмотров: 34
 
Опубликовано 7 Декабря 2018, 11:47

Афган согушунуну Талас шаарындагы 56 жаштагы ардагери Нуркул Бейшебеков катуурак дабыш укса да көз алдына согушту элестетет. Аймактык кабарчы ардагерден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 1962-жылы Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн.

«1979-жылы мектепти аяктап, автомектепке тапшырып окуп калдым. 1 жыл окугандан кийин аскерге чакыруу келип, окууну таштап, аскерге барууга камына баштадым. Бизди биринчи Өзбекстанга алып барды. Ата-энемдин жанына жыргап жүрүп эле баргандан кийин алгач топураган аскердин арасында кыйналдым. Барганыбызга аз эле болгон. Мен 1-отряд элем. Ошол убакта 2 офицердин сүйлөшүп турганын кулагым чалып калды. Алар «1-отряд эртеби-кечпи Афганга барат» деп биз жөнүндө сүйлөшүп жаткан экен. Аны укканда ичимден жаман болуп жүрдүм. Жанымдагы балдарга айтайын деп кайра алар дагы мага окшоп ичинен сызып, кыйналбасын деп айтууну туура көргөн жокмун.

Арадан 6 ай өткөндөн кийин бизди Афганистанга жөнөттү. Ошондо кеч күз болуп калган. 100гө жакын бала эч нерсе жок сапырылган кумдуу жерге барып түштүк. Ал күнү жатарга жерибиз жок ачык асман астында түнөдүк. Эртеси чатырлар келип, аларды орнотуп алдык. Аскердегилер чалгындоочу жана күзөтчү болуп бөлүнчү. Мен күзөт бөлүмүндө болдум. Биз кинодон көргөн согушту өзүбүздүн көз алдыбызда өткөрдүк. Окоптун ичинен чыкпай жүрүп өзүбүзгө керектүү нерселерди куруп жаттык. Мончо, медпункту жана башка көп нерселерди тургуздук. Күн ысык жерде мончо болбосо болбойт экен. Ошол учурда биздин аскерлерди сарык ооруусу каптап көп жоокерлер кайтыш болуп кетти.

Жаз айы башталып калган кезде кышкы кийимдерди тапшырып, жазгы жеңил кийимдерди алдык. Бирок ошол учурда күн аябай суук болгон, жылуу кийим кийели десек эч нерсе жок, тапшырылган кийимдер кайра берилчи эмес. Азыр да күн суук болсо ошол күн көз алдыма тартыла калат.

Ал жакта биздин Кыргызстандай суу кенен болбогондуктан атайын суу ташыгандар 60-70 чакырым алыстыктан бизге суу алып келип берет. Ал суу келгенче эле жылуу болуп калат. Суу ичкендей болчу эмеспиз. Бир жолку алып келишкендери солярканын идишине куялуп калыптыр суу таппай суусаганыбыздан ичип алганбыз.

Мен күзөт бөлүмүндө болгондуктан түндө көп уктачу эмеспиз. Кандай учур болбосун автоматыбыз төшүбүздө болчу. Ошондой оор салмакты түшүңө коюп алып уктагандай деле болбойсуң. Биз ал учурда 18-19 жашта элек. Офицерлер «Силер деген жашсыңар, кечинде уктабагыла. Басмачылар келсе баарыңарды өлтүрүп кетет. Силер жашашыңар керек» деген сөздөрү дагы бизди уктатчу эмес эле.

1982-жылы өзүмдүн мекениме кайтып, келдим. Бирок окуумду уланта алган жокмун. Бир жерден жумуш таап, акемдин үйүндө жатып иштеп жүрдүм.

Бир күнү жеңем кечки тамакка олтурсак «бала сен түндө аябай кыйналып жатасың, аябай кыйкырып чыгасың» деп айтып калды. Мен тамаша катары кабыл алып, күлүп койгом. Акыркы күндөрү өзүмдүн кыйкырганымдан өзүм чоочуп ойгоно баштадым. Түнкүсүн уктабай калдым. Айылга барып, апама айтсам чоң апам эмчи аял эле, ал мени чоң апама алып барып эмдеттип, ырымдарын жасашты. Ошол эмдөөдөн кийин 3 күн ойгонбой уктаган экенмин. Азыр дагы каттуу үн уксам, топураган ызы-чууну көрсөм башкача болуп коркуп кетем. Ошол бала күндөгү Афганистындын запкылары ушул күнгө чейин келип жатат», - деди алю

Ардагер жубайы Расия айым экөө 2 уул, 2 кыздын ата-энеси. 7 небереге чоң ата, чоң апа болушту.

Ал эми апасы Гүлзат Бейшебекованын айтымында,

«Менин 10 балам бар. Нуркул уулдарымдын улуусу. Аскерге кеткенде 18 жашта болчу. Аман келсе экен деп эле апам экөөбүз (кайын апасы) тилеп отурчубуз. Бизге «баары жакшы, кыйналган жокмун, көнүп калдым» деп кат жазчу. Аны окуганда саанам тынып, көңүлүм ордуна келе түшөт. Кайра эле кат келбей калса ар кайсыны ойлоп, өзүмчө кыжаалат боло берчүмүн. Балам кызмат өтөөсү аяктаганда келди. Баламдын ошол акыбалын ойлосом азырда зээним кейип турат. Түнкү уйкудан безип, эч ким менен сүйлөшкүсү келбей түнт болуп кеткен. Көрсө жаш баланын аң-сезимине согуш чоң таасир берет экен да. Азыр уулум менен сыймыктанам. Ошол учурда өксүк, санаа болсо, азыр мен үчүн мактаныч», - деди Гүлзат апа.