Кочкор районундагы Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Анын маалыматы боюнча, Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы кесиптик лицейдин окуучулары Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата «Ак кеме» чыгармасынан сценка коюшуп, жазуучунун чыгармаларынан көркөм окушту жана ыр-бийлерди аткарышты.