Кочкордогу "Ата" бала бакчасынын тарбиялануучулары балдар акыны Каныбек Жунушов менен жолугушту

turmush
Скачать
Просмотров: 321
 
Опубликовано 21 Ноября 2018, 17:21

Кара-Саз айылындагы “АТА” бала бакчасынын тарбиялануучулары акын Каныбек Жунушовдун ырларынан окуп концерт тарттуулашты. Акын өзүнүн балдарга арнап чыгарган китептерин бала бакчага белекке берди.

Белгилей кетсек Каныбек Жунушев 1941-жылы 11-ноябрда Кочкор районундагы Кош-Дөбө айылында туулган. 1963-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун агрономдук факультетин бүтүргөн.
1963-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы Жданов атындагы колхозго башкы агроном болуп иштөө үчүн жиберилген.
1965-жылдан «Киргизгипрозем» долбоорлоо институтунда кыртыш таануу инженери болуп иштеген, 1977-жылдан Кыргыз кыртыш таануу ИИИсинде улук илимий кызматкер,
1984-жылдан «Арашан» чыгармачылык үйүнүн директору,
1986-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун Нарын облусу боюнча кеңешчиси болуп иштеген.

Ырлары 1960-жылдан баштап жарыялана баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Боёкчу» деген ат менен 1964-жылы басылып,
1974-жылы «Одноместный самолёт» деген поэтикалык жыйнагы орус тилинде жарык көргөн. Акындын айрым ырлары коңшу республикалардын тилдерине жана чет тилдерге которулган.
К. Жунушев К. Чуковскийдин, Я. Акимдин, С. Михалковдун чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Балдар үчүн жазылган чыгармалары Тоголок Молдо сыйлыгына татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги. Бул күндө акындын чыгармалары башталгыч класстардын окуу китептери-не киргизилип окутулуп жатат.