С.Токтолбековду көпчүлүк теле алып баруучу менен алмаштыра беришет

turmush
Скачать
Просмотров: 199
 
Опубликовано 21 Ноября 2018, 14:57

28 жаштагы Сергек Токтолбековду көпчүлүк эл теле алып баруучу Урмат Борченов менен алмаштырып алышат.

Сергек 1990-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районун төрөлгөн.

«Өзүм Кыргыз улуттук консерваториясында билим алгам. Элдин жакшылыктарында кызмат кылабыз. Сиз Урмат Борченовго окшош экенсиз деген сөзгө маани деле бербей калдым. Анткени, каякта болбоюн баары эле окшоштура беришет. Абдан көп окшоштурушат.
Жакында эле ырчы Курал Чокоевдин тоюнда чыгармачыл чөйрөдөгү кээ бир адамдар деле алмаштырып, сени кучактап ала жаздадык деп күлүп калып атышты. Урмат Борченов экөөбүз алгач жолукканда бири-бирибизди көрүп алып аябай күлгөнбүз. Аябай кызыктай болгонбуз», - деди ал.

Сергек үй-бүлөлүү, 3 кыздын атасы.