Анын адам өлтүргөнүнө ишенбейбиз: Баткенде прокурордун өлүмүнө шектелип камалган жетекчи жөнүндө эмне айтышты (Акбаралы Зайналов)

turmush
Скачать
Просмотров: 9508
 
Опубликовано 21 Ноября 2018, 09:39

Баткенде прокурорду өлтүрүүгө шектелген М.К. жөнүндө кесипштери кандай пикирде?

Анын орун басары Акбаралы Зайналовдун айтымында, ал адам өлтүрбөй турган жетекчи болчу.

«Мен М. менен 2 жылдан бери чогуу иштейм. Ал иште талапты кое билген адам. Айтылган нерсени толук ишке ашырып, жумушуна тың адам болгон. Ошондой эле талапты да кое билген, адамгерчиликтүү инсан эле. Анын мындай адам өлтүрүү жолуна барганына ишенбейм. Себеби ал баланын колунан мындай иш келбейт. Бул кабарды угуп өзүм да түшүнбөй калдым», - деди ал.

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын юристи Нургазы Тулаевдин айтымында, анын адам өлтүрүшүнө ишенбейт.

«2018- жылдын август айынан бери М. менен чогуу иштеп келе жатам. Мен аны мектепте окуп жүргөнүнөн баштап тааныйм. Ал мектепти да жогорку окуу жайды да кызыл диплом менен бүткөн. Буга чейин ал президенттик аппаратта, Жогорку Кеңеште иштеп келген. Мүнөзү токтоо, жумшак, интеллигент адам. Ал адам өлтүрмөк бери турсун, иштегилер менен майда чатактарга барган эмес. Жумуш боюнча гана талап коюп, анын аткарылышын катуу көзөмөлдөп турган жетекчи болгон.

Буга чейин прокуратура тарабына текшерүүлөр болгон. Кээ бир кемчиликтерди жою боюнча эскертүүлөр берилген. Бул кишинин адам өлтүргөнүнө такыр ишенбейм. Себеби М. кандай адам экенин жакшы билем», - деди ал.

Ал эми М.К.нын эжеси Дарыйка Калыкованын айтымында, прокурорлор инисинен аларды тоого аңчылыкка алып барып келүүсүн суранышкан.

«Мелис үй-бүлөдө жалгыз бала. Апамдар менен чогуу жашайт. Эртең менен Мелис «мени прокурорлор аңчылыкка алып барып кел» деди деп айтты. Апам «барбай эле кой уулум, алар сенин кесиптешиң же досторуң болбосо ишемби күнү андан көрө үйдө эс ал» деди. Бирок «барбасам болбойт» деп кеткен. Мен да өз үйүмө кеткем. Эртеси эртең менен келиним «апам ооруп жатат келиңиз» телефон чалды. Келсем ушул иш болуптур.

Менин таң калган жерим тоок сое албаган иним кантип ушундай ишке барат? Мелис үйдө жалгыз бала. Маарекелерде да малды ага менин жолдошум союп берет. Каза болгон прокурордун бою инимдикине караганда узун, күчтүүрөөк көрүнөт. Биздин укугубузду коргой турган прокуратура кызматкерлери кантип жетекчилерин жалгыз салып беришти?Эгер экөө урушуп кеткен учурда да менин инимди ал жөн эле түртүп койсо да жыгылмак. Ал үйгө келгенде мен үйдө жок болгом. Апам менен келинчеги болгон. Иним үйгө келгенде артынан милиция кызматкерлери келип алып чыгып кетишиптир.

Ал эми унаа досунуку болгон. Кызматтык унаасын айдоочусу үйгө таштап кетиптир. Мүмкүн айдоочусу чакырганда кеч келип калгандыктан тоого өзүнүн кызматтык унаасы менен эмес, досунун унаасы менен чыгып кеткен. Инимдин мындай ишти жасады дегенине ишене албай турам», - деди эжеси.

Окуя тууралуу:

Буга чейин прокурор Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болуп өлтүрүлгөн денеси Төрт-Гүл суу сактагычы тараптан табылганы маалымдалган.

Кийин бул кылмышка шектели Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалган.

Андан соң Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча кырдаалды аныктоо үчүн 18-ноябрда Баткен облусуна чыгып кеткени белгилүү болгон.

Прокурорлорду аңчылыкка алып чыгуу:

Кийинчерээк Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова өлтүрүлгөн прокурор ошол күнү кесиптештери менен бирге жайлоого эс алууга чыккан деген маалымат бар экендигин билдирген.

Маалыматка караганда, анын өлүмү боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган.

«17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Кароо жүргүзүлгөндө унаанын капталдарында кандын тактары табылган.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү табылган. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголду.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалды. Азыркы учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал өзүнүн көрсөтмөлөрүн берип жатат (аңчылыкка бирге чыккан башка адамдар дагы суралып жатат)», - деген ал.

Мындан тышкары аңчылыкка А.Мамажакыпов менен кошо 6 кесиптеши жана Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы чыккандыгы айтылды. Унаанын ичинен 23 даана ок-дары табылган.

«2018-жылдын 17-ноябрында эртең менен булар Рават жайлоосуна эс алганы чыккан деген маалымат бар. Эс алуудан кайтканда саат 18:00 чамасында Баткен шаарынын «Төрт-Гүл» кафесине кирип, чогуу чай ичишкен. Чайдан чыгып, прокурор менен Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаада чогуу кайтышкан. Унаада экөө эле болгон. Жалпы аңчылыкка прокуратуранын 6 кызматкери жана капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп 2 унаа менен чыгышкан», - деген Юсупова.

Өлтүрүлгөн прокурорду өмүр баяны:

Мамажакыпов Анарбай Кубатидинович 1975-жылы 2-январда Оштогу Чоң-Алай районунун Чак айылында төрөлгөн. Класстык чини – юстициянын I класстагы кеңешчиси (2014-жылдан бери).

1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин юриспруденция бөлүмүн аяктап, ошол эле жылы Жалал-Абаддагы Ноокен райондук прокуратурасында стажер-тергөөчү болуп иштей баштаган. 1 жылдан кийин Ала-Бука районуна которулган. Кийинчерээк Ала-Бука жана Аксы райондорунун прокурорунун жардамчысы болгон.
2002-жылдан тарта 2006-жылга чейин Жалал-Абад облустук прокуратурасында коррупция жана экономикалык кылмыштарды иликтөөгө көзөмөл жүргүзүү боюнча прокурор болгон.

2006-2007-жылдары Жалал-Абад облустук прокуратурасында кылмыштарга иликтөөгө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, улуттук коопсуздук жана коррупцияга байланыштуу кылмыштарды иликтөөгө көзөмөл жүргүзүү секторунун башчысы болуп эмгектенген.

2007-2010-жылдары Ала-Бука районунун прокурору болсо, 2010-2013-жылдары Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары болуп эмгектенген. 2013-2018-жылдары Талас шаарынын прокурору болгон. Баткен облусунун прокурору болуп 2018-жылдын май айында дайындалган болчу.

Анарбай Мамажакыпов ата-энесинин үйүндө — Оштун Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Чак айылында 19-ноябрда акыркы сапарга узатылды. Анын артында 4 баласы калды. Үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт.

Кылмышка шектелген М.К.нын өмүр баяны:

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган М.К. Ош шаарындагы тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

571845.bf0e078a4334dc7320ad4a8f4f347e5e

Шектүү — 1978-жылы туулган М.К. Баткен шаарында туулган. Жогорку билимдүү, 2001-жылы Бишкек гуманитардык университетинде, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясында, 2006-жылы Ош мамлекеттик университетинде юриспруденция, политология, менеджмент багыты боюнча билим алган.

- 2001-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратында уюштуруу иштери боюнча бөлүмдүн жетектөөчү адиси;

- 2002-жылдан 2006-жылга чейин Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын аппаратында социалдык-маданий өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси;

- 2006-жылдан 2008-жылга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин борбордук аймактык өкүлчүлүгүндө жетектөөчү адис;

- 2008-жылдын март айынан 2009-жылдын октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин этика жана регламент комитетинде консультант, бөлүм башчысынын орун басары;

- 2009-жылдын октябрь айынан 2010-жылдын май айына чейин Кыргыз Республикасынын президентинин катчылыгынын эксперти;

- 2010-жылдын августунан 2011-жылдын февраль айына чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин регионалдык жана социалдык саясат башкармалыгынын башчысы;

- 2011-жылдын февраль айынан баштап 2012-жылдын март айына чейин Жогорку Кеңештин Жаштар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча комитетинин бөлүм башчысы;

- 2012-жылдын март айынан 2015-жылдын декабрь айына чейин Жогорку Кеңештин аппаратынын экспертизалардын адистештирилген түрлөрү бөлүмүнүн эксперти;

- 2015-2016-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратынын экспертизалардын адистештирилген түрлөрү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

- 2016-жылдын май айынан тарта өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай жарандык курулуш департаментинин Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенип жаткан.

Үй-бүлөлүү, 3 кыз жана 1 уулдун атасы.