Кесиптештери жана кылмышка шектелген адам менен жайлоодо эс алышкан: Баткендеги прокурордун өлүмү боюнча жаңы фактылар аныкталды

turmush
Скачать
Просмотров: 23613
 
Опубликовано 19 Ноября 2018, 13:11

17-ноябрда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Баткен облусунун прокурору ошол күнү башка кесиптештери менен бирге жайлоого эс алууга чыккан деген маалымат бар. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова маалымдады.

Маалыматка караганда, азыр анын өлүмү боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды.

«17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнө «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Ага кароо жүргүзгөндө унаанын капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун денесинде оор жаракаттары менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган. Бул жагдай боюнча азыркы күндө Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголду.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалды. Азыркы учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал өзүнүн көрсөтмөлөрүн берип жатат (аңчылыкка чыккан башка адамдар дагы кошумча сурактар келип жатышат)», - деди ал.

Мындан тышкары аңчылыкка А.Мамажакыпов менен кошо 6 кесиптеши жана Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы чыккандыгы айтылды. Унаанын ичинен 23 даана ок-дары табылган.

«2018-жылдын 17-ноябрь күнү эртең менен булар Рават жайлоосуна эс алганы чыккан деген маалымат бар. Эс алуудан кайтканда саат 18:00 чамасында булар Баткен шаарынын «Төрт-Гүл» кафесине кирип, чогуу чай ичишкен. Чайдан чыгып, прокурор менен Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаада чогуу кайтышкан. Унаада экөө эле болгон. Жалпы аңчылыкка прокуратуранын 6 кызматкери жана капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп 2 унаа менен чыгышкан», - деди ал.
Окуя тууралуу:
Буга чейин прокурор Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болуп өлтүрүлгөн денеси Төрт-Гүл суу сактагычы тараптан табылганы маалымдалган.

Кийин бул кылмышка шектели Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалган.

Андан соң Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча кырдаалды аныктоо үчүн 18-ноябрда Баткен облусуна чыгып кеткени белгилүү болгон.

Анарбай Мамажакыповдун өмүр баяны

Мамажакыпов Анарбай Кубатидинович 1975-жылы 2-январда Оштогу Чоң-Алай районунун Чак айылында төрөлгөн. Класстык чини – юстициянын I класстагы кеңешчиси (2014-жылдан бери).

1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин юриспруденция бөлүмүн аяктап, ошол эле жылы Жалал-Абаддагы Ноокен райондук прокуратурасында стажер-тергөөчү болуп иштей баштаган. 1 жылдан кийин Ала-Бука районуна которулган. Кийинчерээк Ала-Бука жана Аксы райондорунун прокурорунун жардамчысы болгон.

2002-жылдан тарта 2006-жылга чейин Жалал-Абад облустук прокуратурасында коррупция жана экономикалык кылмыштарды иликтөөгө көзөмөл жүргүзүү боюнча прокурор болгон.

2006-2007-жылдары Жалал-Абад облустук прокуратурасында кылмыштарга иликтөөгө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, улуттук коопсуздук жана коррупцияга байланыштуу кылмыштарды иликтөөгө көзөмөл жүргүзүү секторунун башчысы болуп эмгектенген.

2007-2010-жылдары Ала-Бука районунун прокурору болсо, 2010-2013-жылдары Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары болуп эмгектенген. 2013-2018-жылдары Талас шаарынын прокурору болгон. Баткен облусунун прокурору болуп 2018-жылдын май айында дайындалган болчу.

Анын артында 4 баласы калды. Үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт.