Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну Азамат Байсалов 20 жылдан бери мал чарбачылык менен алектенип келет. Ал учурда эт жана сүт багытындагы уйларды багып жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Азамат Байсалов 1976-жылы Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында туулган. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын бешинчиси. 1993-жылы Бишкек шаарындагы Соода техникумуна тапшырып, ал жерден 1996-жылы бухгалтердик кесибин алып чыккан.